• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5G Кыргызстанда. Долбоорду пилоттук режимде 2023-жылы ишке киргизүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргызстанга 5G технологиясын жайылтуу боюнча корутунду долбоору КРнын министрлер кабинетининин кароосунда турат. Бул тууралуу «StrategEast: «Мамлекет жана IT» евразиялык форумунда КР санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, технологияны жеке секторлор менен биргеликте жайылтуу пландалган.

"Бирок азыркы учурда технологияны киргизүү үчүн зарыл болгон стандарттарды жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгып, ишке киргизүү зарыл. Ошентип, 2022-жылы системаны пилоттук режимде киргизүүнү пландап жатабыз", - деди министр.

Белгилей кетсек, «StrategEast: «Мамлекет жана IT»форумуна дүйнөлүк жана Кыргызстандын IT индустриясынын лидерлери, Евразия мамлекеттеринен, Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын IT-ассоциацияларынын жетекчилери, АКШдан, Европа Биримдигинен IT тармагын өнүктүрүүгө жооптуу расмий өкүлдөр, 50дөн ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган форум жылына бир жолу евразия өлкөлөрүнүн биринде өтүп, өкмөттөр менен IT тармагынын лидерлеринин диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий