• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров элди кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров facebook социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

"Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады", - деп жазган президент Жапаров.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий