• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 293 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 293 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 121 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 63, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 30, Баткен облусунда 12 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 407 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 121, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 103, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда 50 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 520 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 355 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 980 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 679 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 400 киши айыгып чыкса, 1 миң 297 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий