• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 Кыргызстанда: Дарыканаларда бир адамга 3 даанадан гана беткап сатылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20 /Кабар/. Көптөгөн өлкөлөр медициналык беткаптарды жана антисептикалык каражаттарды башка өлкөгө чыгарууга тыюу салды.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, Кыргызстанда беткап чыгаруучу жергиликтүү өндүрүш ишке киргизилген.

17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миң даана беткап жеткирилген.

Беткаптардын жетишсиздиги жарандар тарабынан аларды көп көлөмдө сатып алуусунун келип чыгууда.

Бүгүнкү күндө ар бир адамга 3 даанадан ашык беткап сатылбайт. Алардын белгиленген баасы 10 сом.

Пикир

Оставить комментарий