• 88.68
  • 95
  • 0.95

Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт. Депутаттын сунушуна байланыштуу Аалымдар кеңеши билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин депутатынын бетти жапкан кийим жана көлөмдүү сакал үчүн айып салуу сунушуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда коомдук жайларда бетти жапкан кийим кийгендиги жана көлөмдүү сакал койгондугу үчүн айып салууну сунуштады.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, мыйзам долбоору коопсуздукту камсыз кылуу жана инсандыкты идентификациялоо зарылдыгы менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Ошентип, эл өкүлү биринчи жолу мыйзам бузуу үчүн 2 миң сом айып салууну же 30 саат коомдук жумушка тартууну, экинчи жолку мыйзам бузуу үчүн 4000 сом айып салууну же 40 саат коомдук жумушка тартууну сунуштап жатат.

Аалымдар кеңешинин билдирүүсүндө динде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленгендиги айтылат.

Билдирүүнүн тексти:

"Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же тасаттур деп айтылат. Бирок никаб (паранжы) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.

Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден.

Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз".

Пикир

Оставить комментарий