• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элден чогулган каражат Дача-Суда курман болгондордун жакындарына гана таратылды - Т.Стамалиева

Коом 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. "Элден түшкөн акча элге таратылды. Биринчи кезекте каза болгондордун жакындарына, балдарына, анын ичинде жетим калган эки балага акча атайын алардын атына ачылган эсепке которулду", деп озунун Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты Өкмөттүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева. Анда мындай деген маалымат келтирилген:

Урматтуу достор!

ФБ-да Дача-суга таратылган акча тууралуу видео таратылып, элден түшкөн акчаны өкмөт "жеп" койду деген комментарийлер жазылып жатат. Ошондуктан, төмөндөгү Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка көңүлүңөрдү бурам. Элден түшкөн акча элге таратылды. Биринчи кезекте каза болгондордун жакындарына, балдарына, анын ичинде жетим калган эки балага акча атайын алардын атына ачылган эсепке которулду. Албетте, жабыркагандардын өз эрки. Бирок, акча эң биринчи кезекте турак-жай алыш үчүн жумшалат деген пикирдебиз. Экинчиден, элден түшкөн акча Дача-суда жашап жаткан, кудайга шүгүр, аман калган мекендештерибизге таратылды. Адам өмүрү кыйылган кайгылуу окуялардан да саясат жасабайлы, достор.

Урматым менен, Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева.

1) Дача СУ айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына КР ӨКМ атайын эсебинен каражат которулду

27-апрель 2017-жыл

Авиакырсыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына жардам берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин атайын эсебине түшкөн каражат 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон «Боинг-747» авиакырсыгынан каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын персоналдык банктын эсебине которулду.
Эскерте кетсек, КР ӨКМ атайын эсебине калк тарабынан 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.
Жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, аларга бөлүнгөн финансылык каражат, алардын талаптары боюнча ар кандай чыгымдарына төлөнүү үчүн, ар биринин жеке банктык эсебине которулду.
Ошондой эле жабырлануучулардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча, ар кандай механизмдерге жол бербөө үчүн, үй сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу мамлекеттик комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Турак-жай сатып алууга каражат берилгендигине байланыштуу, каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүн мамлекет тарабынан каражат төлөп убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жок. Буга байланыштуу алар менен макулдашылып, алар жашаган убактылуу турак-жайлар бошотулат.
Ошондой эле «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясы тарабынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

2) Дача СУ айылынын тургундарына КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн акчадан моралдык колдоо катары акчалай каражаттар төлөндү
29-апрель 2017-жыл
16-январда «Боинг-747» авиа кырсыгынан жабыркаган Чүй облусунун Дача СУ айылынын тургундарына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсебине кыргызстандыктардан түшкөн акчадан моралдык колдоо катары акчалай каражаттар төлөндү.
Эскерте кетсек, акчалай каражаттарды бөлүштүрүү жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынан турган өкүлдөр менен биргеликте Өкмөттүк комиссия тарабынан иштелип чыккан.
Ошондо жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынан турган өкүлдөр менен биргеликте Өкмөттүк комиссия Дача СУ айылынын жабыркаган тургундарына моралдык колдоо катары 5 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган. Акчалай каражатты аталган айылда жашаган 232 жаран алды.
Финансылык отчетту талап кылган эрежелерге ылайык каражат алгандардын ар бири мамлекеттик нотариустун катышуусунда акча алып жатып, тиешелүү документтерди толтурушту.
Белгилей кетсек, акчалай каражат Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан бөлүштүрүлдү. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, каза болгондордун туугандары жана жергиликтүү тургундар кирген.
Акыркы маалыматтар боюнча КР ӨКМ атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий