• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Издөө иштери улантылып, издөөгө 400 адам тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 30-апрель /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айыл аймагынын Аюу айылында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң³ жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын арасында бир турак үйдө эч ким жашаган эмес. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калган.

Бул турак үй ээлерине 2017-жылдын 28-март күнү КР ӨКМнин Өзгөчө кардаалдарга мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери жана айыл аймак тарабынан коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча жеке эскертүүлөр берилгендигине карабастан, эч жакка жылбастан үйлөрүндө жашап келишкен.

Кечээ кар жаагандыгына байланыштуу издөө иштери 2017-жылдын 30-апрель күнү саат 10:50до башталды.

Издөө иштерине КР ӨКМнин Республикалы өзүнчө куткаруу отрядынан 110 куткаруучулар, КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, андан сырткары жергиликтүү тургундардан 40 жаран, Дөң-Булак айыл аймагынын ыктыярдуу 20 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия) аскер, Ош шаарынан Аскер бөлүгүнөн 50 аскер катышууда. Жалпысынан издоо иштерине 400 адам тартылган.

Андан сырткары Өзгөн райондук суу чарба кызматынан 1 даана жүктөгүч жана КР ӨКМнин ӨКЧКТүшБ-нан 1 даана экскаватор тартылды.

Жеринде иш алып баруу жана чечим кабыл алуу үчүн, 2 чатыр ШТАБ түзүлгөн.

Ошондой эле райондук медицина кызматынан 15, райондук архитектура кызматынан 12 кызматкер жеринде иш алып барышууда.

Учурда ӨКМдин бириккен кампасынан 5 орундуу 30 даана жайкы чатыр, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары РӨКОнын 1 даана КамАЗ унаасы менен жеткирилип орнотулуп, кошумча 15 даана чатыр КР ӨКМден 2017-жылдын 30-апрель күнү саат 06:15те Ош шаарынан чыгып кетти.

Пикир

Оставить комментарий