• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Ош облусунун Араван районунун Калинин көчөсүндөгү мал сарайдын 105 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.

Ал эми Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы эски дүкөн күйгөн. Аны менен бирге 3 диван, 10 килем өрттөнгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Ж.Мамытов көчөсүндөгү сарайдын 44 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

Калган учурларда куураган чөп өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий