• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин депутаты бетти жапкан кийим жана көлөмдүү сакал үчүн айып салууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда коомдук жайларда бетти жапкан кийим кийгендиги жана көлөмдүү сакал койгондугу үчүн айып салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова коомдук талкууга койду.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, мыйзам долбоору коопсуздукту камсыз кылуу жана инсандыкты идентификациялоо зарылдыгы менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоонун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Ошентип, эл өкүлү биринчи жолу мыйзам бузуу үчүн 2 миң сом айып салууну же 30 саат коомдук жумушка тартууну, экинчи жолку мыйзам бузуу үчүн 4000 сом айып салууну же 40 саат коомдук жумушка тартууну сунуштап жатат.

Пикир

Оставить комментарий