• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эркинбек Каимов ЖК төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.02.22./Кабар/. Эркинбек Каимов ЖК төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эркинбек Каимов журналистика тармагында чоң тажрыйбага ээ. Буга чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматтарын жетектеп, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын төрагасы болуп иштеген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясындагы "Ала-Тоо", "Жетиген", "Кыргызстан" жана "Кыргызстан жумалыгы" маалыматтык-аналитикалык программаларын алып барган.

Пикир

Оставить комментарий