• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алышат

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кыргызстандыктар 23-февралда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

23-февраль жуманын шаршемби күнүнө туш келет.

Белгилей кетсек, 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү.

Андан тышкары, министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө мурда кабыл алынган токтомунун негизинде ишемби, 26-февраль, жумуш күн болуп эсептелет. 5-январдагы эс алуу күнү 26-февралга жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий