• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жер мунапысы. Кыргызстанда жыл башынан бери 33 миң 747 жаранга кызыл китеп берилди

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 14-ноябрына карата республика боюнча 33 миң 747 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта 135 миң 945 арыз кабыл алынып, 70 миң 665 арыздар коомдук билдирүүгө илинди. 22 миң 412 жаранга техникалык паспорт, 33 миң 747 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Ошондой эле трансформацияланган жерлердин аянты 8 миң 484 гектарды түзөт.

Белгиленгендей, жер мунапысынын объектиси болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштер бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий