• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бирикке Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү - Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык Борборунун башчысы Каха Имнадзени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Каха Имнадзе Регионалдык борбордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, 2024-жылга карата иш-чаралар жана демилгелер пландары менен бөлүшүп, Регионалдык борбордун ишмердүүлүгү аймактагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөөрүн кайрадан белгиледи.

Тараптар Регионалдык борбор менен Борбордук Азия мамлекеттеринин терроризмге каршы аракеттенүү жана наркотрафик менен күрөшүү жаатында кызматташуу жана Афганистандагы кырдаал боюнча маселелерди талкуулашты.

Асеин Исаев Регионалдык борбордун активдүү ишмердүүлүгү үчүн анын башчысы Каха Имнадзеге ыраазычылык билдирди. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму менен өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээлин жогору баалайт жана превентивдик ишмердүүлүк жана коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына натыйжалуу жооп кайтарууда Борбордук Азия өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Регионалдык борбор менен мындан аркы ар тараптуу кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий