• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөндөгүдөй айтылат:

«Жолдош жоокерлер жана офицерлер!

Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!

Жалпы эле кыргызстандыктар!

Ар жылы ушул күнү Мекен коргоочуларыбызга сый-урмат көрсөтүп, ар-намысы менен ариетин бийик тутуп, Ата Мекенге ак кызмат өтөп, кийинки муунга үлгү болгон уул-кыздарыбызды даңазалап келебиз. Бул майрам бизге ата-бабаларыбыздан мураска калган Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо, аздектеп-сыйлоо милдетибизди эскертип турат. Анткени, мекенчил сезимин көкүрөгүнө уюткан ар бир жаран үчүн Ата Журтун коргоо – ыйык да, бийик да милдет, ары сыймыктуу кызмат!

Тарыхта калган Улуу Ата Мекендик согушта, Ооганстанда, Баткенде жана башка кан күйгөн майдандарда аскердик милдеттерин аткарып, Мекен коргогон улуу муун өкүлдөрүнүн эрдиктери менен каармандыктары элибиздин жүрөгүндө астейдил сакталып турат. Алардын эл-жери үчүн кан төгүп, жан берген эрдиктерин мектеп окуучуларынан тарта баарыбыз эскерип турушубуз абзел дагы, парз дагы!

Кызыл армиянын жоокерлеринин эрдиктери даңкталып, андан кийинки Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун күнү катары жыл сайын бүтүндөй совет элинде кеңири белгиленген бул күнгө сый мамиле кылууну элибиз салт катары улантып келет.

Себеби Ата Журту үчүн тикесинен тик турган, мамлекеттин башына мүшкүл түшкөн учурда Мекен чегине чеп болуп коргоп келген ата-бабаларга таазим этилет. Элибиз өз коргоочуларынын баатырдык эрдиктерин таазим этүү менен эскерип, Мекен үчүн жанын бергендердин жаркын элесин эч качан унутпайт. Урматтуу жоокерлер, бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүү жолуна түшүп, армиябыздын күжүрмөн даярдыгы артууда. Ошол эле учурда азыркы ааламдашуу доорундагы ар кандай аңдоосуз чакырыктар менен коркунучтарга баарыбыз даяр болушубуз шарт!

Урматтуу мекендештер!

Мекен жүгүн бир гана эр-азаматтарыбыз эмес, биздин кыз-келиндерибиз да кошо тартышып келет. Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей, берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын. Ошондуктан жалпы Мекен коргоочуларын бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Баарыңыздарга Мекенибизге кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!

Ылайым Ала-Тоону жердеген, ар-намысын бербеген, ата салтын, баба наркын барктаган, өз Мекенин сактаган мекенчил уул-кыздарыбыз арбын болсун! Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!»

Пикир

Оставить комментарий