• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл бир ай ичинде 21,3 миң чет өлкөлүк жаран каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстанда 21 миң 328 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адамдар каттоодон өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүктөрдүн 11 миң 191и Россиянын, 1 миң 426сы Казакстандын жарандары. Аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда жүрүүсү 30 календардык күндөн ашпашы керек.

Бирок өлкөдө өзгөчө кырдаал жана карантиндик чектөөлөрдүн киргизилиши менен өкмөттүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Казакстан жана Россиясын жарандары Кыргызстандын аймагында болуу мөөнөтүн узартууну кааласа, өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө кырдаал жокко чыгарылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү.

Кыргызстандын аймагында же анын айрым жерлеринде көрсөтүлгөн 10 күндүк мезгилдин ичинде жазалоо чаралары колдонбостон каттоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий