• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте илимий сунуштарды эске алуу менен көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн отургузуу каралат

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 2024-жылдын 11-мартынан 11-майына чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат угулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында муниципалдык чарба департаментинин директору Ильяс Жолоев, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдук иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Муратбек баяндама жасашты.

Ошондой эле «Бишкекжашылкурулуш» жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларына илимий сунуштарды эске алуу менен жашыл көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн отургузууну кароо милдети коюлду.

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өз ыйгарым укуктарынын алкагында, тактап айтканда, жашыл аймакта унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө, анын айланасын тазалоо жана жашылдандыруу, таштандыларды туура эмес жерге ыргытуу фактыларын аныктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

“Бишкекасфальтсервис” ишканасы муниципалдык инспекция менен биргеликте борбор калаадагы жолдордогу кемчиликтерди жоюуну көзөмөлгө алат.

Мындан тышкары, “Тазалык” ишканасына муниципалдык инцпекция менен биргеликте катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу келишимин даярдоо боюнча ишкер субъекттерге түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды.

Жыйындын жыйынтыгында Айбек Жунушалиев бардык тиешелүү жетекчилерге айлана-тегеректи тазалоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин улантуу милдетин койду.

Пикир

Оставить комментарий