• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Таразда Кыргызстан менен Казакстандын ОИИБ жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азиянын мамлекеттеринин ички иштер органдарынын бирдиктүү жыйынындагы чечимин ишке ашыруу боюнча активдүү иштер башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 6-октябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) ички иштер министрлеринин кеңешме жыйналышы өткөн. Мындай форматтагы иш-чара алгачкы жолу өткөрүлгөндүгүн белгилөө менен төрт өлкөнүн ИИМнин жетекчилери чек араларга чектеш облустардын ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, уюшкан, чек аралык кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча кызматташууларын бекемдөө жана өнүктүрүү, аларга каршы багытталган бирдиктүү иш-чараларды өткөрүү керектигин белгилешкен болчу. Отурумдун алкагында укук коргоо органдарынын жетекчилери кылмыштуулук менен күрөшүү, коопсуздук, кылмыштардын ар түрдүү багыттары боюнча ишмердүүлүк тажрыйбасы жана маалыматтар менен бөлүшүү жөнүндөгү бирдиктүү планга кол коюшкан.

Макулдашуунун алкагындагы бирдиктүү иш бир нече багыттар боюнча ишке ашат:

-уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун механизмдерин жакшыртуу;

- электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтууга каршы күрөшүү жана бул багытта тажрыйба менен бөлүшүү;

- экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен бөлүшүү, ошонун ичинде интернет тармагындагы;

- республикалардын чек араларына чектеш райондордогу ички иштер органдарынын коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо боюнча алакаларды түзүү.

Жогоруда кол коюлган макулдашуулар аймактардагы бейпилдикти жана туруктуулукту камсыздоону жакшыртат.

Бүгүн, 2018-жылдын 16-ноябрында Казакстан Республикасынын Тараз шаарында чек арага чектеш облустардын ички иштер органдарынын жетекчилеринин бирдиктүү жыйыны башталды: Кыргыз Республикасынын Чүй ОИИББи жана Талас ОИИБдин, Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Полиция департаментинин.

Кыргыз Республикасынын жумушчу тобунун курамына Чүй ОИИББдин башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов, ОИИББдин борбордук аппаратынын жетекчилери, андан сырткары, 4 райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, ОИИБдин кызматтарынын жетекчилери, 3 райондук милиция бөлүмүн башчылары кирген.

Жыйындын жүрүшүндө экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен бөлүшүү, анын ичинде интернет тармагындагы, уурдалган автоунааларды, уюлдук телефондорду жана курал-жарактарды табууга багытталган багыттамалар аркылуу аныктоонун натыйжалуугу боюнча маселелер такууланды.

Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында мал уурулук менен алектенген жарандардын тобун аныктоо боюнча ички иштер органдарынын бирдиктүү ишин уюштуруу керектигин айтышты. Ошондой эле электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтууга каршы күрөшүү жана бул багытта тажрыйба менен бөлүшүү меселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий