• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Момуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир башталды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарында белгилүү кыргыз футболчусу Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча Эл аралык турнир башталды. Турнир жаш өспүрүмдөр арасында өтүп жатат. Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 10го жакын команда катышууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мелдеш А.Момунов атындагы Футбол академиясында 16-20-ноябрь күндөрү өтөт.

Айта кетсек, Асылбек Момунов кыргыз футболчусу, жарым коргоочу. Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубтарында ойногон. Ал 30 жашында,1996 жылы 29 мартта Алматы- Талдыкоргон жолунда автокырсыктан каза болгон.

Асылбек Момунов Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун 2 жолку ээси, 1993-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган.

Пикир

Оставить комментарий