• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” социалдык лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лотерея шаардык мэрия тарабынан уюштурулган.

"Бул лотереяны уюштуруудан негизги максат – жарандардын ККМ чекти талап кылууга болгон кызыгуусун арттыруу менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп саналат",- деп белгиледи шаар мэри Эрнисбек Ормоков сертификаттарды тапшыруу аземинде.

Калаа башчысы ошондой эле аталган лотереяны келерки жылы да уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, республикалык деңгээлде өткөрүлүп келген "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы аймактардын арасынын алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында уюштурулду. Анда 5 миң сомдон 100 миң сомго чейинки белектер ойнотулуп, 129 жеңүүчү аныкталган.

Лотереянын байге фонду үчүн жергиликтүү казынадан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысы Эркинбек Мамаюсупов жана лотереянын жеңүүчүлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий