• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чычкан капчыгайындагы "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 13 ноябрда эртең мененки саат 07:00 Бишкек - Ош унаа жолунун 272-чакырымында ("Арал" посту) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек - Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 12-ноябрь саат 20:00дөн тарта жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин "Арал" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий