• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тоо туризми: Альпинисттерди куткаруу үчүн “Эдельвейс” куткаруу тобу түзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда альпинисттерди куткаруу үчүн “Эдельвейс” куткаруу тобу түзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзүнөн Кыргызстанга альпинисттер келүүдө.

“Өткөн жылы генерал-майор жана ирандык альпинисттер каза болгон. Буга чейин тоо тармагындагы куткаруучулар жок эле. Азыр альпинисттерден турган топту түзүп жатабыз”, - дейт ал.

Мындан сырткары, министр былтыр Түркияга барганда кыргызстандык куткаруучулардын "Инсараг" куткаруу тобуна кирүү боюнча келишим түзүлгөнүн маалымдады.

“Аталган топ эл аралык макамга ээ жана ага күчтүү мамлекеттердин куткаруучулары кирет. “Инсарагга” биз дагы киргенге аракет кылып жатабыз. Ал дүйнө жүзүндөгү кырсыктарга катышып жаткан команда. Чет тилди жакшы билген, физикалык даярдыгы жогору, техникалык жабдуусу мыкты болгон кызматкерлерден турат. Бул жагынан Түркия бизге жардам берерин айткан”, - деди Ажикеев.

Пикир

Оставить комментарий