• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү

Коом 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын аймагында жалпы республикалык ишембилик өттү.

Ага муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик кызматтардын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, жогорку жана орто атайын окуу жайларды студенттери, жеке ишканалардын кызматкерлери катышып, өздөрүнө бекитилген жерлерде актап сырдоо, тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, ишембилик республиканын бардык аймактарында президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп өткөрүлдү.

Ишембиликке:

  • Президенттик администрациянын кызматкерлери;
  • Бишкек жана Ош мэриясынын кызматкерлери;
  • Тышкы иштер министрлигинин жамааты;
  • Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери;
  • Ички иштер министрлигинин өздүк курамы;
  • КР Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери;
  • Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий