• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алдыдагы эл каттоону өткөрүү маселелери боюнча окутуу семинарынын акыркы этабы өтүүдө

Коом 0

Бишкек 15.03.22. /Кабар/. Эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улуттук статистикалык комитет жана анын аймактык бөлүмдөрү каттоочулар үчүн окутуу семинарлар сериясынын үчүнчү этабын өткөрүүдө. Бул тууралуу Статкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, муну менен бирге, ушул топко кирген катышуучулардын көптүгүн (24 миңден ашык адам) эске алуу менен окутууну эки этапта өткөрүү чечими кабыл алынган. Убактылуу кызматкерлердин биринчи тобу үчүн окутуу үстүбүздөгү жылдын 14-мартынан 16-мартына чейин, ал эми экинчи тобу үчүн17-мартынан 19-мартына чейин жүргүзүлөт.

Семинарлардын жүрүшүндө эл каттоочулардын милдеттерин, мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо жыйнактарынын программасын, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө кароо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий