• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эрдөөлөт Тагаев: Ишкерлер ѳкмөттүн колдоосун сезип жатабыз

Коом 0

Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү “ЭУМ” ЖТАК башчысы Эрдөөлөт Тагаев ишканасынын ишмердиги жана өкмөт тарабынан аларга ачылган мүмкүндүктөр тууралуу айтып берди.

- Сиздин алманы кайра иштетүүчү цехиңизде канча киши эмгектенүүдө жана андагы эмгектенген жумушчулардын өндүргөн продукциясы канча көлөмдү түзүүдө?

- Биздин ишкана Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан. Бизде жылдын август айынан декабрь айына чейин иш болот. Чыныгы сезон мезгили ушул аралыкта өкүм сүрөт десем болот. Иш кычаган маалда 2 смен иштеп калабыз. Ар суткасына 10 тонна натуралдык, табигый жактан таза сок чыгарабыз. Негизинен бизден чыккан соктор алмадан, малина менен алманын жана шабдаалы менен алманын кошулуп иштетилип чыгуусунан чыгат. Жыйырмага жакын киши биздин ушул цехтен эмгектенип, өздөрүн да, өңгөлөрдү да багып жатат десек болот. Пешене Маңдай терлери менен.

- Өндүрүлгөн сокторду каякка сатасыздар? Бул жагы жолго коюлганбы?

- Алгачкы ишмердүүлүгүбүздүн натыйжасы менен өндүрүлгөн продукцияларыбызды Россия, андан ары Германияга чейин жөнөтүп турдук. Ал эми азыр Бишкектеги “Эл Фрут” деген ишкана менен биргеликте эриш-аркак иштешип, алгач өндүргөн продукциябызды аталган ишканага жөнөтөбүз. Андан ары алар өзүбүздүн Кыргызстандагы жана Бишкектеги соода түйүндөрүнө жана Россия, Казакстанга чейин жөнөтүшүүдө.

- Демек, цехтеги сиздер чыгарган сок ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөргө кеңири экспорттоло баштаган экен да?

- Албетте, кыргыз өкмөтүнүн бул жааттагы биздей ишкерлерге, “таман акы, маңдай тери” менен иштеген ишкерлерге колдоосу жакшы эле болду да. Муну ачык эле айтып коюшубуз керек. Өз учурунда мамлекеттен тийиштүү жеңилдиктер аркылуу насыяларды алып, ишкерчилигибизди жолго койгонго болушунча аракетибизди кылып жатабыз. Өкмөттүн бул жааттагы жардамы жакшы эле болуп жатат. Маселен, буга чейин өндүргөн продукцияларыбызды сатууда ортомчулар аркылуу чыксак, азыр чет жактагы Россия, Казакстан баштаган коңшу мамлекеттердеги ишкерчилик менен алектенишкен жарандары өздөрү бизге келишип, эки тараптуу иш боюнча сүйлөшүп, товарларыбызды алып кетип жатышат. Кыскасы, ишибиз жаман эмес. Өкмөттүн колдоосун сезип жатабыз.

Пикир

Оставить комментарий