• 88.68
  • 95
  • 0.95

Украинадагы абалга байланыштуу Кыргызстанга үрөндүн келиши кечеңдөөдө

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга Россиянын Краснодар крайынан буудай, арпа, сафлор, буурчак, семечке келүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги берген тизме боюнча ӨКМ үрөндөрдү аймактарга ташууда.

“Азыр үрөндүн ташуусу кармалууда, себеби ал батыш тараптан келет, ал жактагы акыркы окуяларга байланыштуу темир жолдун иштешине тоскоолдук жаралууда. Темир жолдон биринчи курал күчтөрүн өткөрүп, үрөндү кечиктирип өткөрүүдө. Ага карабастан үрөндүн жарымын алып келдик. Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга турууда. Бирок министрлик Бишкекке келген үрөндөрдү унаа менен өлкөнүн түштүгүнө ташууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий