• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Республиканын аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-май күнү өлкө боюнча 27 238 чарчы метр имараттын ичи, 110 938 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 138 176 чарчы метр аймак жана 671 144 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 265 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 142 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 391 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2475 чарчы метр имараттын ичи, 3665 чарчы метр имараттын сырты жана 62 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 184 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда чарчы метр 4342 имараттын ичи, 4234 чарчы метр имараттын сырты жана 5500 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 178 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 6400 чарчы метр имараттын ичи, 24 600 чарчы метр имараттын сырты жана 155 944 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 1400 кг хлор, 174 даана хлор таблеткасы жана 643,6 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 8175 чарчы метр имараттын ичи, 36 825 чарчы метр имараттын сырты жана 65 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 285 кг хлор, 70 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 1730 чарчы метр имараттын ичи, 6600 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 6,6 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 15 900 чарчы метр имараттын сырты, 105 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 310,5 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 4116 чарчы метр имараттын ичи, 18 854 чарчы метр имараттын сырты жана 39000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 102 литр суюк хлор, 6 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 96 200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 120 кг хлор колдонулду.

“Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта .

Пикир

Оставить комментарий