• 88.68
  • 95
  • 0.95

Касмамбетов: Тоолуу өлкөдө жашаганыбызга сыймыктанабыз, бирок тоонун да тоодой түйшүгү бар экенин эстен чыгарбайлы

Коом 0

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо демилгесин бир добуштан колдогон. Ошондон улам, климаттын туруктуулугун бекемдөө, жаратылыш беренелерин сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы катары жарыяланды. Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын таралуусун 15,97 пайызга кыскартуу жана аны эл аралык колдоо аркылуу 43,62 пайызга чейин жеткирүү милдетин алган. Ушу тапта аны жүзөгө ашыруунун жол картасы иштелип чыгууда. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бийик тоолуу өлкөнүн шартында экологияны сактоонун, коргоонун жана аны андан ары жакшыртуунун мааниси жаатындагы өз ойтолгоосун ортого салды.

Аскасы асман мелжиген улуу тоо, көк муз баскан мөңгүлөр, агымы соолгус кашка суу – Кыргызстандын эң башкы табигый байлыгы. Акыркы жылдары мына ушуларга түздөнтүз катышы бар табигый кырсыктардын арбып баратканы жаратылыш беренеси бизден өтө аяр жана кылдат мамилени талап кыларын көрсөттү. Өзүнүн жаратылыш байлыктарына камкор жана сарамжалдуу мамиле жасай албаган элдин жашоосу жармач, келечеги бүдөмүк болору бышык.

Кыргызстандын экономикалык тармактарында экологиялык жана климаттык өзгөрүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүү аракеттери Улуттук өнүктүрүү программасында кеңири камтылган. Жандуу жаратылыш беренелери жалпы адам баласынын, анын ичинде кыргыз журтунун келечеги үчүн өтө маанилүү болгондуктан, коопсуздук маселелелери өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Бийик тоолуу аймактардагы климаттын кескин өзгөрүүсүнө, табигый жаратылыш кырсыктарына, тоо сууларынын абалына арналган эл аралык илимий-практикалык иш-чаралардын ырааттуу өтүп келатканы да бекеринен эмес. Тоо, мөңгү, суу, токой – бири-бири менен тыгыз байланышкан экологиялык тутум. Анын артында миллиондогон адамдардын өмүрү менен келечек тагдыры, жан-жаныбарлар менен жандуу жаратылыштын тиричилиги турат.

Тоо-суу маселесине келгенде, биз аны байырлаган жан-жаныбарлар, алардын сейрек түрлөрүнүн сакталуусу айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна байланыштуу экенин да унутта калтырбашыбыз керек. Алар дагы – жаратылыш чүрпөсү – баа жеткис байлыгыбыз. Азыр алардын абалы да бизди абдан кабатыр кылып турган чагы.

Ушу тапта уруксат берилгенден сырткары мергенчилик кылуу фактылары да жок эмес. Алтургай, айрым аймактарда браконьердик кадыресе эле кесипке айланып калды. Мунун баары мыйзам базасынын начарлыгынан улам болууда, муну моюнга алыш керек. Ал эми катталган фактылар менен салынган айыптардын катышына азырынча ишенүү кыйын. Жарыбаган маяна чектөө менен, егерлер менен токойчуларды ошол аң менен токойдун эсебинен эптеп-септеп өз жаныңды өзүң бак дегендей эле таасир калтырат.

Өзүңөр жакшы билгендей, Борбордук Азиянын дал толтосунда жайгашкан Кыргызстан – климаты кескин континенталдуу тоолуу өлкө. Жылына 247 ачык күн тиет. Анын жалпы аянты 198,5 миң чарчы чакырымды түзсө, төрттөн үч бөлүгү, тагыраак айтканда, 75 пайызы бицик тоолуу аймакка кирет. Түзөңдө жайгашкан аймактардын күндөлүк жашоосу деле ошол тоо тутумундагы абалга тыгыз байланган.

Ала-Тоо, Теңир-Тоо, Какшаал, Памир, Алай, Чаткал сындуу ондогон тоо кыркаларынын 4,2 пайызын мөңгү ээлейт. Мындайча айтканда, өлкөдө жалпы аянты 8047,8 чарчы чакырым келген 6582 мөңгү катталган. Ал Борбордук Азия мөңгү корунун 45 пайызына тете. Андан тышкары, Кыргызстанда 2 миңге жакын көл бар. Тоо мөңгүлөрүнөн башат алган Нарын, Чүй, Талас, Көкө-Мөрөн, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Жазы, Сары-Жаз, Ак-Шыйрак, Каркыра сыяктуу ондогон ири дарыялар агат. Бирок...

Бирок, Кыргызстан ошолордун мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызын гана пайдаланат. Геотектоникалык тактадагы жер жаракалары тарамдашып кеткен жогорку сейсмикалык тилкеде жайгашканын жана климатыбыз кескин өзгөрүп турарын, ошондон улам жаратылыш кырсыктары байма-бай болорун эстен чыгарбай, сел, көчкү, жер титирөө, өрт кырсыктарына алдыналуу чараларын көрүү керек керек. Алардын кесепетин жойгонго караганда, алдыналуу кыйла жеңил болорун турмуш өзү көрсөттү.

Айрыкча мөңгүлөрдүн эрүү жүрүмүнүн тездеши жалпы адам баласын кооптондурууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мөңгүлөрү соңку 50 жыл аралыгында 20 пайызга азайган. Окумуштуулар келерки 20 жылдын ичинде мөңгүнүн 35 пайызынан айрыла турганыбызды каңкуулай баштады. Ошондуктан, суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдү сактап, сууну сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын эстен чыгарбашыбыз керек.

Кыскасы, таптакыр кеч болуп кала электе, жандуу жаратылышыбыздын абалына жакшылап көңүл буруу зарыл. Кай жагыңа караба, абал өтө оордошуп турат: экологиялык чөйрө тутуму бузулду, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү сейректеп барат, суу башаты солгундап жатат. Акыркы жарым кылым аралыгында кыргыз мөңгүлөрүнүн көлөмү 20 пайызга азайды. Ал өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна түздөн-түз өз таасирин тийгизери бышык.

Ал эми курулушу ана башталат, мына башталат деп турган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин жылына 5 млрд кВт/саат электр кубатын өндүрүүдөн сырткары, 4,65 млрд куб метр суу топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Мындай алгылыктуу аракеттер Борбордук Азиянын кантамыры – Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында жашаган өлкөлөрү үчүн да кыйла пайдалуу болору шексиз. Ошол сууну пайдаланган коңшулар сууну топтоо, сактоо, күтүү иштеринде колкабыш кыларына ишеним артабыз. Куру убада, кугак сөздөн биргелешкен иштиктүү аракеттерге өтчү мезгил жетти.

Андан тышкары, акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында совет доорунан калган 92 уулуу жана радиоактивдүү заттардын калдыктарын сактоочу жай бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн кубометрди түзөт. Ушу тапта БУУ Өнүктүрүү программасынын “Табигый тобокелчиликти башкаруу” долбоору, Атом кубаты боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) сындуу эл аралык уюмдар менен бирге бир топ иш-чаралар аткарылды, бирок жетишсиз. Андай алака мындан ары да уланат деген ойдобуз.

Алсак, алдыда Майлы-Суу, Ак-Түз, Орловка, Миң-Куш, Кажы-Сайдагы уулуу зат калдыктары көмүлгөн жайларды рекультивациялоо иштерин жүргүзүп, ал аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, башаламан кыйылып жаткан, жылдан-жылга суюлуп бараткан токойлуу, бадалдуу, бетегелүү беттерди калыбына келтирүү, жандуу жаратылыштын абалына көзөмөлдү күчөтүү, аргандай табигый өзгөрүүлөргө байкоо жана иликтөө иштерин жүргүзүү милдети турат.

Бул багытта Токой чарба агенттигинин быйылкы бюджетинде 98 млн сомго жакын каражат каралды. Албетте, бул каражат жетишсиз. Ошентсе да, анын алкагында 1130 гектар тоо аянтына 13 млн көчөт тигүү пландаштырылууда. Ошондой эле, мурда тигилген көчөттөрдү коруу, багуу, сугаруу, мите курттардан арылтуу чаралары да көзжаздымда калбайт деген ойдобуз.

Бүтүндөй Борбордук Азиянын башкы таянычы болуп турган өлкөнүн экологиялык тутумун калыбына келтирүү менен бирге, эл аралык каржы уюмдары менен Кыргызстандын тышкы карыздарынын бир бөлүгүнөн экологиялык чыгымдарга алмаштыруу аркылуу кутулуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мезгил жетти. Мындай иштиктүү чаралар эл аралык тажрыйбада мурдатан эле кеңири колдонулуп келет.

Биз тоолуу өлкөдө жашап, тоолук болуп калганыбыз үчүн ар дайым сыймыктанабыз. Бирок, глобалдуу климаттык өзгөрүү маалында, коомдук-саясий жана социадык-экономикалык кайра курумдардын өткөөл кезеңинде тоонун да тоодой түйшүгү бар. Табигый кырсык капсалаңы улам арбып, шаштыбызды алып турат. Азыртан алдын алуу чаралары көрүлбөсө, эртең өтө кеч болот. Муну эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

Пикир

Оставить комментарий