• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто милиция кызматкерлери мурда бир нече ирет соттолгон чөнтөкчүлөрдү колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өткөн жумада эки чөнтөк ууруларын колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бири 1984-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган М. Б. Мурда беш жолу соттолгон, туруктуу иштеген жери жок жана ажырашкан. Экинчи шектүү 1993-жылы Кара-Кулжа районунда туулган А. уулу С. Мурда 2 жолу сот жообуна тартылган, бойдок.

Кармалган шектүүлөр Ош шаарынын аймагында, коомдук жайларда, коомдук транспорттордо жарандардын чөнтөгүнө кол салышып, акча жана уюлдук телефондорун уурдап, арзан баада жайма базарда сатып жүрүшкөн.

Тактап айтканда, алар 2022-жылдын 31-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндөгү “Аруу-Бай” азык-түлүк дүкөнүнүн алдында токтоп турган “Портер” үлгүсүндөгү унаадан “Самсунг А-10” үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун жашыруун түрдө уурдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Ушундай эле жол менен дарыканалардын бирине кирип, сатуучу башка кардарлар менен алаксып калган учурда анын баасы 12 миң сомдук “Редми” үлгүсүндөгү телефонун уурдап чыгып кетишкен. Уурдалган телефондордун кымбат экендигине карабастан аларды 1500-2000 сомго гана сатышкан.

Учурда бул кылмыштуу топтун үстүнөн 3 арыз түшүп, кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмү бул шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар болсо 03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранат.

Пикир

Оставить комментарий