• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдрахматова “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кечээ, 14-мартта КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова “Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Назгүл Турдубекова Атыр Абдрахматованы Кыргызстандагы адам укуктарын коргоочу башкы ыйгарым укуктуу кызматына шайланышы менен кызуу куттуктап, аялдар жана балдар адамдардын эң аяр катмары болуп саналарын белгиледи. "Бул өңүттөн алып караганда, лидер аял гана жарандардын аталган категорияларынын проблемаларын кылдат жана натыйжалуу чече алат”, - деди ал.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова белгилегендей, балдар коомдун өзгөчө тобу болуп саналат, ар бир балага жашоонун жагымдуу жана коопсуз шарттарын түзүп берүү жана колдоо ар бир адамдын милдети.

Алар төмөнкүлөр:

- балдардын укуктары бузулган учурларда ыкчам таасир этүүнүн туруктуу механизмдерин ишке киргизүү;

- балдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын болушун жана иштешинин натыйжалуулугун баалоо;

- балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү жакшыртуу;

- аялдардын жана балдардын социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө системдүү мониторинг жүргүзүү;

- билим берүү чөйрөсүндөгү балдар укуктарынын бузулууларына баа;

- балдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы менен жарандык сектордун уюмдарынын туруктуу өнөктөштүгүн кийрүү.

Тараптар балдар укуктарын коргоо маселесинде тыгыз жана үзүрлүү кызматташарына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий