• 88.68
  • 95
  • 0.95

14-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек. 14.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-сентябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Нарын облустарында +21...+26, Таласта +19...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Бишкек шаарында +23...+25 жана Ош шаарында +28...+30 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий