• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 6 млн 542 миң кишини түздү – Улуттук статистика комитети

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 1-мартка карата 6 млн 542 миң кишини түздү. Бул тууралуу Улуттук статистик комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл январь-февраль айында туруктуу калктын саны 18,5 миң кишиге же 0,3%га көбөйгөн.

Быйыл өлкөдө январь-февраль айында 25,6 миң наристе төрөлгөн (же 1 миң кишиге 23,9). Ошол эле учурда 6 миң киши көз жумган. Жыйынтыгында элдин табигый өсүшү 19,6 миң кишини түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий