• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулук районунда бир катар алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келет.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сокулук районунда мал уурулуктарын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган алты мобилдик топ түзүлгөн. Анда район аймагындагы мал базарларда жана башка коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милиция кызматкерлери тарабынан мал сатып иштеген жарандарга алдамчылык фактыларына жол бербөө боюнча кеңештер берилди. Ошондой эле кандайдыр бир кылмыштуулук фактылары тууралуу билгендер болсо дароо ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылуу зарылдыгы эскертилди.

Ошондой эле Сокулук районунун аймагында жайгашкан базарлардын жанында жол тыгындарын жана транспорт кырсыктарын болтурбоо үчүн Сокулук району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындай профилактикалык иш-чаралар Сокулук районунун аймагында тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий