• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 1-январга карата 734,8 млн сомго жеңилдетилген насыя берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо 8" долбоорунун алкагында Ош облусу боюнча 2021-жылдын 1-январына карата 734 млн 887 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыянын ичинен мал чарбасына 1 миң 399 жаран 617 млн 983 миң сом, талаачылыкка 111 жаран 46 млн 604 миң сом жана кайра иштетүү тармагына 22 жаран 70 млн 300 миң сомго насыя алган.

2020-жылы облус боюнча 48 млрд 127 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,1%ды түздү. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн экономикалык божомолу 104,8% аткарылды.

Ошондой эле облус боюнча 396 даана күнөскана түзүлүп, жалпы аянты 43 гектарды түзөт.

Ал эми тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2020-жылы 140 субъект 348 гектар жер аянтын иштетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий