• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрым интернаттардын кызмат алуучуларынын эмне үчүн документтери жок? Эмгек министрлигинин түшүндүрмөсү

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме (ССМ) бар, деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.

Аларда психоневрологиялык оору менен ооруган чоң адамдар жана балдар, өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн, өз алдынча кыймылдоосун толугу менен же жарым-жартылай жоготкон майыптыгы бар адамдар жашашат.

Интернаттардын кызматкерлери документтерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшөт, мында алар төмөнкүдөй кыйынчылыктарга туш болушат:

Айрым кызмат алуучулар Кыргызстандын аймагында эмес, СССР учурунда төрөлүшкөн (СССР) жана аларга жаңы паспорт алуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн же анын дубликатын жана нике күбөлүгүн көрсөтүү талап кылынат.

Алардын туулган жерлери Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн аймагында болгондуктан, кызматкерлердин туулган жери боюнча башка мамлекеттерге жиберген суроо-каттары жоопсуз калууда.

Башка мамлекеттин жарандык паспорттору менен ССМде жашаган чет өлкөлүк жарандар бар. Бирок азыркы учурда Кыргыз Республикасында ССМде жашаган чет өлкөлүк жарандарды депортациялоону уюштуруу боюнча ченемдик база Кыргыз Республикасында жок.

Үчүнчү категория – ССМге жайгаштырганга чейин туруктуу жашаган жери жок жарандар. Паспортту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайдан алганын туура көрсөтө албагандыгына байланыштуу көмөк көрсөтүү көйгөй жаратат.

Учурда олуттуу көйгөйлөрдү жаратып келген документтештирүүдөгү маселелер боюнча Министрлик алдыда көрсөтүлгөн кызмат алуучуларга жөнөкөйлөтүлгөн жол менен паспорт берүү үчүн ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу сунушу менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий