• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык жаш лидерлер Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына катышууда. Сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Кыргызстандык 253 жаш лидер Россиянын Сочи шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалына катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестивалга жалпысынан дүйнө жүзүнөн келген 20 миңге жакын жаш лидерлер катышууда.

Иш-чара ишкердик, эл аралык кызматташтык, маданият, билим берүү, ыктыярчылык кайрымдуулук, спорт жана ар кандай тармактарда иштеп, бир топ тажрыйба топтогон жаштардын башын бириктирген.

Белгилей кетсек, фестиваль 2-7-март күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий