• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык китепканачылар тажрыйба алмашуу үчүн Түркияга барышты

Маданият 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова баштаган чакан делегация Turktav фондусунун чакыруусу менен Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын башкы максаты - эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо, китепкана ишин өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу, түрк тилдүү маданий мурастарды реставрациялоо, сактоо, коргоо, жана эки өлкөнүн ортосундагы китеп басып чыгаруу ишин жандандырууга багытталды.

Мындай тажрыйба алмашуу жана тыгыз кызматташтык түзүүгө облустук китепканалардын жетекчилери, Китеп палатасы, Кыргызреставрация мекемесинин өкүлдөрү барды.

Эске салсак, ушул жылдын 6-октябрында министрдин орун басары Айнура Аскарова "Ысык-Көл 2023: Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу" аттуу 21-эл аралык конференцияга катышканы келген Turktav фондунун директору Низамеддин Айкурт менен жолугушкан.

Жолугушуунун алкагында түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө китеп продукциясын чыгарууга жана адабият менен искусствону пропагандалоого адистешкен “Turktav» фонду менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, жыйынтыгында түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө китептерди жана басылмаларды жайылтуу иштерин аталган фонд менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашылган болчу.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандан барган делегацияны ТҮРКСОЙ уюму өз кеңсесинде кабыл алып, аталган уюмдун юбилейлик төш белгилери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий