• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде КР Эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары болду.

Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага ОшМУнун жалпы жамааты, коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктады.

Кеченин жүрүшүндө "Дүбүрт" студенттик театры тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартууланып, "Жигер" чыгармачылык борборунун мүчөлөрү тарабынан акындын ырларынан көркөм окулду. Белгилүү обондуу ырлары жаңырды.

Акын Тазагүл Закированын Ата Мекен тууралуу жазылган 100гө жакын обондуу ырлары эл арасында ырдалып, Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган. Ош шаары тууралуу жазылган “Ош вальсы”, “Мекеним Кыргызстан”, “Оштон таптым”, “Сулайман тоо”, “Ошум сен, эңсеп келчү ыйык шаарым”, “Кусалык” сыяктуу ырлары эл оозунда ырдалып жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий