• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган конференция өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкекте маданиятка эмгек сиңирген ишмер, көркөм өнөр таануу илимдеринин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, маданият ишмерлери, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев баштаган илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер Сагыналы Субаналиевдин үй-бүлөсү катышты.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу профессор Сагыналы Субаналиевдин өрнөктүү өмүр жолу тууралуу сөз кылып, анын кыргыз улуттук музыкасын байытуу жаатында жасаган илимий ачылыштары, жасаган эмгектери түбөлүктүү экенин, адам жашоосунда артында из калтырып жашоого аракет жасоосу керектигин, С. Субаналиев артында изи калган кыргыздын белгилүү инсандарынын бири экендигин белгиледи.

Белгилесек, Сагыналы Субаналиев өзүнүн талыкпас эмгегинин натыйжасында кыргыз улуттук аспаптарынын изилденбеген жана сүрөттөлбөгөн 25 түрүн ачып, аны бир нукка келтирип, кеңири илимий колдонууга жана аткаруучулук практикага киргизген.

Ал 1987-1991-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин көркөм өнөр башкармалыгынын башчысы катары мындай жаңыланууну ишке ашырууга активдүү катышкан жана ушул мезгилде "Камбаркан" мамлекеттик фольклордук-этнографиялык ансамбли түзүлүп, жер-жерлерде ушул сыяктуу топтор пайда боло баштаган.

Музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиев улуттук музыка боюнча бир нече китептердин жана илимий макалалардын автору. Ал 2022-жылдын 4-ноябрында 74 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий