• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто майыптыгы бар балдар үчүн салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Бабур театрында майыптыгы бар балдар үчүн иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чарага Оштун мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, майыптыгы бар адамдардын укугун жашоонун бардык тармактарында коргоого, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган бир айлыкты өткөрүү маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында шаардык маданият башкармалыгы жана музыкалык бий топтору тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, шаардык адистештирилген окуу жайларынан жана борборлорунан катышкан 350 баланын ар бирине белектер берилди.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий