• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сул саамалык салтанаттуу түрдө белгиленип, ага КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундар катышты.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана ӨРнын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаровдор кыргыз-өзбек элин, кубанычтуу саамалык менен куттуктап, эки элдин коңшулаштык жакын мамилесин, эки облустун ар тараптуу кызматташуусун жакшыртууда, аталган чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын кайрадан ачылышы, жанданышынын мааниси зор экенине токтолуп, алдыда өнүгүүгө карай жолдо ишенимдүү өнөктөш катары, кызматташуу жанданаарын белгилешти.

Бүгүндөн тарта эки өлкө жарандары “Кайтпас” жана ”Өтүкчү” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан тоскоолдуксуз, эки өлкөнүн аймагына өтө алышат. Тагыраагы жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды.

Буга чейин пандемияга байланыштуу Өзбекстан Республикасы менен чек арада бир гана “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы иштеп жаткан.

Ал учурда Өзбекстан Республикасынын жарандары ӨРнын Сох районуна баруу үчүн 80 чакырым жолду басып өтсө, “Кайтпас” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу өтүү менен жол алыстыгы 50 чакырымга кыскарат. Ошону менен катар “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайында кыймыл жеңилдейт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын өлкө башчылары Ташкент шаарында жолугуп, аталган чек ара бекеттерин ачууну макулдашкан.

Ал эми Баткен-Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий