• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кезектеги медаль! Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 14.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду:

Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге:

1-орун — Акжол Махмудов (77 кг);
1-орун — Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (82 кг);
2-орун — Үзүр Жузупбеков (97 кг);
3-орун — Роман Ким (130 кг);
3-орун — Раззак Бейшекеев (67 кг);
3-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эркин күрөш боюнча 1 күмүш жана 2 коло байге:

2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий