• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кореянын кинематографисттери Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар

Маданият 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Кореянын кинематографисттери Кыргызстанда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдун Кыргызстандын жана Кореянын кинематографисттери менен 6-октябрда болгон жолугушууда маалым болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстанда биргеликте кинофестиваль уюштуруу жана кино индустриясын чогуу өнүктүрүү боюнча сөз кылышты.

Корея тарап Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда кинофестиваль өткөрүүгө кызыкдар экенин айтып, Кыргызстан аны уюштуруу маселесин иштеп чыгууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушууга Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргыз фильм " киностудиясын директору Акжол Бекболотов катышты.

Пикир

Оставить комментарий