• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованы эскерүү иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү карата бүгүн эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Ала-Арча” көрүстөндө болуп өттү.

Эскерүү иш-чарасына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, маданият тармагында иштегендер жана Күлүйпа Кондучалованын жакындары катышкан.

Күлүйпа Кондучалова 1920-жылдын 15-июнунда Пишпек уездинде (азыркы Чүй облусу) Аламүдүн районунун, Кара-Жыгач айылында) төрөлгөн. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1938), Москвадагы жогорку партиялык мектепти (1945) бүтүргөн. 1938-1940-жылдары Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусундагы Нарын районунун Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1940-1943-жылдары Кыргызстан ЛКЖС Тянь-Шань обкомунун катчысы, Эл депутаттарынын Тянь-Шань облустук кеңешинин аткаруу комитетинде төраганын орун басары, Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунда лектор, Кыргызстан КП БКда лектор, 1945-1948-жылдары Кыргызстан КП Фрунзе обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, “Коммунист” журналынын редактору, Кыргызстан КП БКда аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1948-1949-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун катчысы, 1947-1949-жылдары партиянын Жалал-Абад обкомунда үгүт жана саясат бөлүмүндө катчы, 1949-1952-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президимунун төрагасынын орун басары, 1952-1953-жылдары Кыргызстан КП БКнын катчысы жана аялдар арасында иштөө боюнча бөлүм башчы, 1953-1958-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958-1963-жылдары Кыргыз ССРинин маданият жана тышкы иштер министри, 1963-1980-жылдары Кыргыз ССРинин маданият министри, 1980-2003-жылдары Кыргызстандын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы болуп иштеген. Ал СССРдин Жогорку Советинде Улуттар Советинин төрагасынын орун басары (1958-1962-ж.), СССРдин Жогорку Советинин (1954-1962) жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1947-1975-ж.) депутаты болгон.

Күлүйпа Кондучалова “Курманжан Датка” эл аралык сыйлыгынын ээси, Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы “Манас” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий