• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусу Ирандын Хорасан-Резави провинциясы менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары Абольфазл Чаманди баштаган делегацияны кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана өндүрүш багытында тажрыйба алмашуу, инвестиция, медицина багытында иштешүү тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле Хорасан-Резави провинциясынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусундагы өндүрүш жана айыл чарба тармагындагы мекемелер менен таанышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана Достук мамиленин алкагында Ош облусу жана Хорасан-Резави провинциясынын ортосунда жол карта иштеп чыгуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий