• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу “Курманжан-Датка” МАБында балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, бардык МАБдарда балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында балдар үчүн оюн-зоок программасы уюштурулуп, анын жүрүшүндө “Иллюзия” балдар оюн-зоок комплексинде балдар үчүн иш-чаралар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, балдар үчүн шаардагы чоң кинотеатрлардын биринде мультфильмдер көрсөтүлдү. Бардык балдарга таттуулар, балмуздак берилип, тамактанышты.

Бул иш-чараларга катышуу үчүн калктын аз камсыз болгон, социалдык жактан аялуу катмарындагы балдарга өзгөчө көңүл бурулат, алар МАБ жана тиешелүү органдар аркылуу чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий