• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда үч ай ичинде унаа башкарган 3,2 миң мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы үч ай ичинде жол эрежесин бузган 234 миң 303 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке 119 млн 276 миң сом өндүрүлгөн.

Төмөнкү жол эрежелери бузулган:
- авто унаа каражаттарын тийиштүү документтери жок башкаруу - 3 312;
- мас абалында авто унаа каражатын башкаруу - 3 285;
- белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо - 29 912;
- коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу - 72 159;
- унаа айнегин мыйзамсыз караңгылатуу - 905;
- мамлекеттик номери жок унаа башкаруу - 101;
- автоээнбаштык - 91;
- жол белгилерине баш ийбөө - 88 544;
- каршы тилкеге чыгуу - 5 384;
- башка жол эрежелерин бузуу - 30 610.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 17 миң 390 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий