• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан тарта Соцфонддун колл-борборуна 3 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Соцфонддун колл-борборуна үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 3 миң 57 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, март айында колл-борборго 896 кайрылуу келип түшкөн, анын 509у келген жана чыккан чалуулар болсо, 387си сайттагы онлайн-офлайн чат аркылуу түшкөн чалуулар. Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Социалдык фонддун колл-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет.

Колл-борбор квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий