• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу китептерин иштеп чыгууда Жогорку соттун ролу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-мартта КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун катышуусунда Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу китептерин иштеп чыгууда Жогорку соттун ролу талкууланды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш чарага Жогорку соттун судьялары, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, төраганын кеңешчиси Нурханбек Момуналиев, мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова, Жогорку соттун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова, аталган мектептин окутуучулары жана кызматкерлери, ошондой эле Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, аталган Программанын эксперти Радость Тофтисова-Матерон, отставкадагы судья, Болгариянын Улуттук юстиция институтунун мурдагы директору Драгомир Йорданов катышты.

Өз сөзүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын алкагында Сот адилеттигинин Жогорку мектеби менен биргеликте судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган аракеттер ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын айтты. Ошондой эле Программа менен эки тараптуу кызматташуу окутуунун жаңы, заманбап жана эң натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө багытталганын белгилеп өттү.

Катышуучулар судьялар үчүн окуу куралдарын иштеп чыгууда Жогорку соттун ролун, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби үчүн окуу китептеринин стандарттарын талкуулашты.

Аталган окуу куралда судьяларды даярдоонун алдыңкы эл аралык жана европалык стандарттары жана практикасы, эксперттин кесиптик тажрыйбасы, ошондой эле Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жетекчилигинин жана тренерлеринин пикирлери жана салымдары эске алынган.

Пикир

Оставить комментарий