• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Буга чейин "Новосибирск-Бишкек" аба каттамы боюнча билет алган жарандар 22-апрелде өлкөгө алынып келет – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин "Новосибирск-Бишкек" каттамы боюнча авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселесин Россия тарап макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

22-апрель күнү Россия Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү пландап жатат. Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстанга келе турган учак менен Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү боюнча Россия тарап менен макулдашылган.

"Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлгөн", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий