• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков Польшанын ТИМ башчысы Чапутович менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Польшанын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Яцек Чапутович бүгүн, 21-апрелде телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар пандемиянын дүйнө жүзүнө тарап жаткан шартында коронавирустук инфекция жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлүшкөн.

"Министр Айдарбеков COVID-19 вирусунун жайылышына каршы аракеттенүүдө Кыргызстанга жардам берүү максатында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алкагында польшалык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн кесиптеши Чапутовичке ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түздөн-түз байланыштарды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Польшадагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери, анын ичинде, студенттердин жана эмгек мигранттарынын саламаттыгын сактоо үчүн шарттарды түзүү маселеси, визалардын жарактуу мөөнөтүн узартууда польша тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да талкууланды.

"Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат. Мындан тышкары, министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты", - деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан .

Пикир

Оставить комментарий